КР Экономика жана финансы министрлиги КР УБ жана финансылык билим берүү боюнча эл аралык Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун демилгеси менен уюштурулган “Глобалдуу акча жумалыгы-202

КР Экономика жана финансы министрлиги КР УБ жана финансылык билим берүү боюнча эл аралык Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун демилгеси менен уюштурулган Глобалдуу акча жумалыгы-2021ге” (Global Money Week)  бир нече жылдар бою активдүү катышып келе жатат.

2021-жылдын 24-мартында   саат 14:00 дөн 15:30га чейин  КР ЭФМ Окуу борбору менен Экономиканын жогорку мектеби (РФ) биргеликте “КР менен РФ кайчылаш жылынын” улануусу катарында КР жогорку окуу жайларынын финансы-экономикалык факультеттериндеги студенттер үчүн ( туруктуу эпидемиологиялык абал мезгилинде, КР ССМ жана ББИМ санитардык талаптарын жана нормалардын сактоо менен) “Ачык эшиктер күнү” темасында иш-чара өткөрүүнү пландаштырган.

Иш-чара офлайн режиминде төмөнкү ЖОЖдорун студенттери үчүн өткөрүлөт: КРСУ, КЭУ, Адам университети, КЭАУ, КМТУ.

Биздин дарегибиз: Бишкек ш., Эркиндик бул.-58, 3-кабат, чоң жыйындар залы.

Ошондой эле онлайн режиминде Zoom платформасында төмөнкү ЖОЖдорун студенттери үчүн өткөрүлөт: ОшМУ, ЖАМУ, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети , К. Тыныстанов атындагы ЫМУ, НМУ, ТМУ, БатМУ ж. б.

              Ачык эшиктер күнүнүн негизги максаты - финансы тармагынын болочоктогу кызматкерлерине КР Экономика и финансы министрлигинин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүктөрүн, аларга жүктөлгөн иш милдеттерин жана тапшырмаларын тааныштыруу.

 

Программанын долбоору

Убактысы

Иш-чара

Спикерлер

 

13:45 –

14:00

Катышуучуларды каттоо

Онлайн, Zoom платформасында

14:00 –

14:10

Иш-чараны ачуу үчүн сөз

КР ЭФМ статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич

14:10 - 14:25

КР ЭФМ Окуу борборунун ишмердүүлүгү

КР ЭФМ Окуу борборунун директору, э.и.к., доцент Турдумамбетова Эрке Доолотбековна

14:25 - 14:40

Казына тармагын өркүндөтүү

КР ЭФМ Борбордук казыналыгынын Казыналык жол-жоболордун усулдары жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Чоколова Роза Турдумамбетовна

14:40 - 15:10

Lifelong learning: экономикалык багыттагы бүтүрүүчүлөргө кандай карьералык траекториялар жеткиликтүү?

УИУ ЭЖМ-Пермь ш. (РФ) Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси

 Дмитрий Кашин;

УИУ ЭЖМ-Пермь ш. (РФ) Маркетинг жана коммуникация (байланыш) бөлүмүнүн жетекчиси Никита Клюев

15:10 - 15:25

КР ЭФМ ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат. Мамлекеттик кызматка кирүү.

КР ЭФМ Персонал менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Омурова Айгуль Абдарановна

15:25 - 15:40

Суроолор-жооптор, талкуулоо 

КР ЭФМ кызматкерлери, студенттер

      

Бишкек шаарынын студенттерине, сөзсүз түрдө дресс-код  сактоо (офистик стилде кийинүү) менен, студенттик билеттерин жанына салып, жеке сактануучу санитардык каражаттарды (медициналык беткап жана кол үчүн спрей/антисептикалык каражат) ала келүүсү зарыл.