Кыргыз Республикасынын Экономика и финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында мамлекеттик ишканалардын жана коммерциялык түзүлүштөрдүн бухгалтерлери, жетекчилери үчүн биринчи жолу Маалы

Кыргыз Республикасынын Экономика и финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында мамлекеттик ишканалардын жана коммерциялык түзүлүштөрдүн бухгалтерлери, жетекчилери үчүн биринчи жолу Маалымат базасында иштөө боюнча “Электрондук эсеп-фактуралар” (МБ ЭЭФ) темасында окуу курсу өткөрүлдү.

Электрондук эсеп-фактуралар Маалыматтар базасы Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарды ишке ашыруунун жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) салык жол-жоболорун электрондук  фиксализациялоо боюнча укуктук актыларынын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасында чыгарылган жана алып келинген товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө максатында түзүлгөн.

Электрондук эсеп-фактураларды киргизүү мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктыкты администрациялоонун заманбап каражаты катары пайдалуу. Салыктык милдеттенмелерди аткаруу эрежелерин жакшыртуу бизнес-чөйрөнү, экономиканы өнүктүрүүнүн жана республикага инвесторлордун тартылышын өстүрүүнүн фактору катары кызмат аткарат.

“Электрондук эсеп-фактуралар” курсунун 40тан ашык угуучусу «Профиль» бөлүгү аркылуу колдонуучуларды кантип каттоону үйрөнүштү, ошондой эле практикалык сабактарда реалдуу режимде файлдарды чыгаруу, жүктөө, алып салуу, коррекцияланган көчүрмө, реестрлерди чыгаруу, алуу реестрлери, ж.б.у. сыяктуу операцияларды жасап көрүштү.

Кыргыз Республикасындагы бизнеске кирүү шарттарын жакшыртууда, анан дагы ыктыярдуу салык төлөөчүлөрдүн атаандашка чыдамдуулугун жогорулатууда  бул курсу абдан актуалдуу. Ушуга байланыштуу, 2021-жылдын 23-25-мартында Окуу борбору ушул окуу курсун  экинчи ирет кайталап өткөрүүнү пландап жатат.