“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” темасы боюнча окуу курсу жөнүндө маалымат

“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” темасы боюнча окуу курсу жөнүндө маалымат

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда Окуу планы боюнча белгиленген 36 академиялык сааттын көлөмүндөгү “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” темасы боюнча окутуу курсу 2017-жылдын 28-ноябрынан 2018-жылдын 9-февралына чейин өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 8 кызматкери 2018-жылдын 27-февралында КРФМ Окуу борборунун белгилүү үлгүдөгү тастыктоочу сертификатына ээ болушту.

 Курстун угуучулары “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” темасы боюнча окуу курсунун азыркы учурда мамлекеттик кызматкерлер үчүн маанилүү экендигин айтышып, Окуу борборунун кызматкерлерине жана курстун тренери Осмонова Нурийла Маматаевнага терең ыраазычылык билдиришти.