КР ЭФМ Окуу борбору 8-март менен пайдалуу (спорттук) эс алууну жагымдуу маанайда айкалыштырып өткөрүү менен, мындагы кызматкерлер командалык дем аркылуу позитивдүу энергияга ээ болушту.....

Достук жеңди!!!

КР ЭФМ Окуу борбору 8-март менен  пайдалуу (спорттук) эс алууну жагымдуу маанайда айкалыштырып өткөрүү менен, мындагы кызматкерлер командалык дем аркылуу позитивдүу энергияга ээ болушту..... Аялдардын эл аралык күнүн боулинг-клубда майрамдоо чечиминде жаңылыштык кетирбептирбиз.   

Эмне үчүн боулинг? Ооба, себеби бул жерде “Бирөө бардыгы үчүн – бардыгы бирөө үчүн!” деген ураан бар. Кызыктуу стандарты жок абал, стандартсыз тапшырмалар, экстремалдык шарттар... Иш-чаранын форматы —бардык катышуучулар менен биргелешип аракеттенүү. Спорттук корпоратив коллегалардын бирин-бири жакындан таанууга, өзүн жеңил жана ыңгалуу сезүугө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Командада сиздин жаныңыздагы киши эле кандай жакын адам болуп кеткенин, атаандаш тараптан келүүчү «страйктын» артынан «страйк» болгондо, кандай жооп кайтаруу керек экенинде,  командага башкача урмат-сый менен мамиле кылаарыңызды, элестете аласызбы?.....  Ал эми командага кирбегендер, коштоп-колдоочу топтордо күчтүү күйөрман болушту.  

Ошондой эле, ал жерде майрамдык жарашыктуу көйнөк жана чыкыйган смокинг дресс-коддорун атайын буюртма менен жасатылган, Окуу борборунун (логотиби) эмблемасы түшүрүлгөн жаңы футболка жана ыңгайлуу спорттук бут кийим  менен алмаштырууну чечтик.