Бизди мыктылар тандашат. Биз болсо, Сиздер үчүн ишенимдүү (эң жакшы) болууга күч аракетибизди жумшайбыз.

Бизди мыктылар тандашат. Биз болсо, Сиздер үчүн ишенимдүү (эң жакшы) болууга күч аракетибизди жумшайбыз. 

Жыл сайын КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында “«Манас» Эл аралык аэропорту” Ачык акционердик коому (ААК) материалдык-техникалык камсыздоо кызматынын жана юридикалык бөлүмүнүн кызматкерлеринин билимдерин  жогорулатып турат.

2021-жыл “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген жаңы өзгөртүүлөр менен башталды. Мындай окуу курсу жөнүндө маалыматты алаары менен, ири тендерлерди Мамлекеттик сатып алуулар Порталында өткөрүп жүргөн “Манас” аэропорту өзүнүн 12 кызматкерин “«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр” темасындагы адистештирилген окуу курсуна жөнөттү. Алардын бардыгы компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүшүп, курстан өткөндүгү тууралуу күбөлүккө ээ болушту.  

2018-жылдан 2021-жылга чейинки мезгил ичинде “«Манас» Эл аралык аэропорту” Ачык акционердик коомунун 50 кызматкери Мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуудан өткөн. Окуу борбору бул тандоосу үчүн “«Манас» Эл аралык аэропорту” Ачык акционердик коомуна ыраазычылык билдирүү менен андан ары да, узак убакыттарга жемиштүү кызматташабыз деген ишенимде.