КР ЭКОНОМИКА ЖАНА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУ МЕНЕН И. РАЗЗАКОВ АТЫНДАГЫ КМТУ ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

КР Экономика жана финансы министрлигинин ОКУУ БОРБОРУ МЕНЕН И. Раззаков атындагы КМТУ ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМга кол коюшту

11-мартта И. Раззаков атындагы КМТУда ректор М.Чыныбаев менен КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Э.Турдумамбетованын   кызматтык жолугушуусу болду. Бул жолугушууга И. Раззаков атындагы КМТУнун логистика кафедрасынын башчысы А.С.Уметалиев жана КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун кызматкерлери М. Ыдырысова, Э. Бакытбеков катышты.
 

Тараптар И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Логистика" кафедрасына караштуу "Кыргыз  Республикасындагы Логистика жана Мамлекеттик  сатып алуулар илимий изилдөө борбору" менен КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун ортосундагы  өз ара кызматташтыкка кол коюшту. 

Кол коюлган документ мамлекеттик сатып алуулар жаатында туруктуу потенциалды түзүүгө ыкталган иш чараларды уюштуруу жана мамлекеттик сатып алуулар  саясаты жана жол-жоболору боюнча окуу программаларын түзүү,  аны өлкөбүздө профессионалдаштыруу максатын көздөйт.  

 Буга ылайык тараптар экономиканын бул чөйрөсү үчүн жогорку дасыккан кадрларды  даярдоого, мамлекеттик сатып алуулар жаатында эксперттик маалыматтык-аналитикалык, изилдөө  жүргүзүү жана анын жыйынтыктарын практикада колдонуу   ишмердүүлүктөрүнө кызыктар экендигин айтышты.


Негизги учур адистештирилген окуу семинарларын өткөрүү, ошондой эле “Сатып алуулар логистикасы” профилиндеги  4-курстун студенттерине сатып алуулар боюнча  1-деңгээлдеги сертификат берүү үчүн КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборундагы тестирлөөгө киргизүү  маселеси болду.