Кыргыз Республикасынын Экономика и финансы министрлигинин Окуу борбору Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте 2021-жылдын 24-25-февралында

Кыргыз Республикасынын Экономика и финансы министрлигинин Окуу борбору Ханнс Зайдель Фонду менен биргеликте 2021-жылдын 24-25-февралында “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, инфраструктураны өнүктүрүүдө жеке инвестицияны тартуунун куралы катары” темасындагы окуу тренинги болуп, жыйынтыгында 28 угуучу окуудан өттү.

Бул семинардын максаты Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле КР бизнес өкүлдөрүнүн жана жарандык секторлордун стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик менчик объектилер боюнча коомдук маанилүү маселелерди чечүү үчүн  мамлекеттик жана жеке секторлордун өз ара аракеттенүү маселесиндеги мүмкүнчүлүктөрүн (потенциалын) жогорулатуу болуп саналат. 

            Тренингде ар түрдүү усулдар колдонулду: маалымдоо, топтор менен иштөө,  презентация, кейс-стадини талкуулоо, долбоорлоо, экспертиза, суроолор-жооптор ж.б.

Окууну Окуу борборунун төмөнкү негизги тренерлери өткөрүштү:

Каликова Гульнара Аманжоловна – МЖӨ боюнча эксперт, «Kalikova & Associates» юридикалык фирманын кеңешчиси, МЖӨ жөнүндө мыйзамды иштеп чыгууга катышкан, КР мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү илгерилетүү менен алектенет. 

Аширова Гавхар Сабирджановна - МЖӨ боюнча эксперт, Бишкек шаарынын мериясына караштуу Бишекек шаарын өнүктүрүү Агенствосунун  МЖӨ жана инвестиция бөлүмүнүн экс-начальниги.

Момбеков Санжар Таалайбекович - Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү илгерилетүү бөлүмүнүн эксперти.