2021-ЖЫЛДЫН 25-ФЕВРАЛЫНДА КР ЭКОНОМИКА ЖАНА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ОКУУ БОРБОРУНДА “ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫНЫН ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК БУЮМДАРДЫН ЭЛЕКТРОНДУК МААЛЫМАТТЫК БАЗАСЫН КОЛДОНУУ”  БОЮНЧА ОК

Адистештирилген окуу курсу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуу маселесине кызыккан сатып алуучу уюмдардагы сатып алуу бөлүмдөрүнүн жана берүүчү тараптардын  кызматкерлерине арналды. Окуу курсунун бүтүшү менен угуучулар курсту  уккандыгы жөнүндө күбөлүк алышты. 
Курстун негизги максаты – сатып алуулар боюнча кызматкерлердин билимдерин жогорулатууда дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуунун электрондук маалыматтык базасын колдонуудагы жаңы программаны үйрөтүү.   
Окуу курсунун бүтүшүндө  угуучулар курсту  уккандыгы тууралуу күбөлүк алып жатышып, көпчүлүгү “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды терең өздөштүрүү үчүн Базалык окуу курсуна жазылышты.