КР ЭФМ Окуу борборунда Электрондук мамлекеттик сатып алууларга катышуу жана конкурстук табыштамаларды берүү боюнча өзүнүн билимин жогорулатуу максатында 18 берүүчү (подрядчы) окуу курсунан өт

2021-жылдын 18-февралында КР ЭФМ Окуу борборунда Электрондук мамлекеттик сатып алууларга катышуу жана конкурстук табыштамаларды берүү боюнча өзүнүн билимин жогорулатуу максатында 18 берүүчү (подрядчы) окуу курсунан өттү.
Угуучулар КР мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына өзүнүн фирмасын катоодогу жаңы кошулгандарды кошуп үйрөнүштү, ошондой эле конкурсту издөө жана конкурстук документацияны кароо иш аракетин өздөштүрүштү.
Курстун тренери Кудаяров Сагын Сапарбаевич конкурстук табыштаманы даярдоо процессин көрсөтүп берди, андан кийин Мамлекеттик сатып алуулар тесттик порталында ар бир берүүчү өзүнчө конкурска катышууга машыкты.
Курстун бүтүшү менен угуучулар электрондук күбөлүк алышты жана көпчүлүгү “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды дагы терең үйрөнүү үчүн Базалык курска жазылышты.