Бүгүн, 2021-жылдын 5-февралында биз мамлекеттик сатып алууларга биринчи жолу катышып жаткан 11 берүүчүлөрдү (подрядчылады) окуттук.

Курстун угуучулары өздөрүнүн фирмаларын КР мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына каттоону, конкурсту издөө иш аракетин жана конкурстук документацияны карап чыгууну үйрөнүштү; Курстун тренери Кудаяров Сагын Сапарбаевич конкурстук табыштаманы даярдоону айтып, Мамлекеттик сатып алуулар Тесттик порталындагы конкурска кантип катыша тургандыгын ар бирине жекече көрсөтүп чыкты. Курстун бүтүшүндө угуучулар электрондук күбөлүккө ээ болушту жана айрымдары Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды дагы терең билүү үчүн Базалык курска жазылышты.