2021-ЖЫЛДЫН  4-ФЕВРАЛЫНДА  КР ФИНАНСЫ МИНИСТЕРСТЛИГИНИН  ОКУУ  БОРБОРУ “МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА 2020-ЖЫЛДЫН 18-ФЕВРАЛЫНДА КИРГИЗИЛГ

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин укуктук эспертиза бөлүмүнүн башчысы, Финансы министрлигинин Окуу борборунун айкалыштырып иштөөчү тренери   Исакова Асель Исраиловна киргизилген өзгөртүүнү салыштырмалуу жадыбал (таблица) түрүндө презентациялады. 

Мамлекеттик мекемелердин 13 кызматкери: Түштүк аймагы боюнча ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борбору, Москова райондук Социалдык фонд башкармалыгы, "Ош шаардык жолдор" муниципалдык ишканасы, Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти, Мамлекеттик пенсиялык топтолуучу фонду, С. И. Ибраимов атындагы Папан суу сактагыч башкармалыгы,  Ош областык жана Ош шаардык Үй-бүлөлүк медициналык борбору, КР Чек ара кызматы жана Чаткал районундагы ДЭУ-27 мекемелеринен окууну ийгиликтүү аякташып, курсту уккандыгы жөнүндө күбөлүк алышты.    

Мыйзамга 2020-жылдын 18-февралында киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Т. Мамытов кол коюп, ал 2020-жылдын 5-ноябрында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана “Эркин-Тоо гезитинин 2020-жылдын 29-декабрындагы санына жарыяланган. Мыйзам расмий жарыялангандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирди.