Cатып алуулар боюнча электрондук тестирлөө жана сертификациялоонун бирдиктүү маалыматтык системасы (видео)

Кыргыз Республикасынын Окуу борбору 2018-жылдын март айынан баштап электрондук тестирлөө жана сертификаттарды жалпылаштыруунун Бирдиктүү маалыматтык системасын ишке киргизүүнү пландаштырууда.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 14-февралындагы «Мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы адистерди сертификациялоо/профессионализациялоо жөнүндө» №25-Б буйругу менен төмөндөгүлөр бекитилген:

- Мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы адистерди сертификациялоо/профессионализациялоо боюнча Жол картасы жана Жобо;

- Мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы адистерди сертификациялоонун деңгээлдери.

Электрондук тестирлөө жана сертификаттарды жалпылаштыруунун Бирдиктүү маалыматтык системасын ишке киргизүү үчүн 25 компьютер, ички байланыш тармагы жана видео байкоо менен камсыздалган жаңы класс уюшулган.