2021-жылдын 28-январында КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда “Кыргызстан” Топтолмо пенциялык фондунун өкүлдөрү менен биргеликте КР ФМ кызматкерлери үчүн “Мамлекеттик пенсиялык

2021-жылдын 28-январында КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда “Кыргызстан” Топтолмо пенциялык фондунун өкүлдөрү менен биргеликте КР ФМ кызматкерлери үчүн “Мамлекеттик пенсиялык камсыздоонун милдеттүү топтолмо компонентин натыйжалуу башкаруу жана ыктыярдуу топтолмо пенциялык системанын келечеги жөнүндө” темасындагы семинар өткөрүлдү.

Семинардын темасы азыркы мезгилде кызыктуу жана актуалдуу, себеби ар бир жаран экономикалык туруксуздук мезгилде өзүнүн карылыгы тууралуу бүгүн ойлонушу керек жана өзүнүн келечеги үчүн топтолмо каражаттардын тобокелдиги аз мүмкүнчүлүктөрүн издеши керек.

Бул семинарда Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар рыногунун өнүгүшү жөнүндө маалымат берилди жана финансылык рынок тармагы, каражаттын топтолуу механизмдери боюнча дасыккан адистердин пикир алмашуусу болду, ошондой эле “Кыргызстан” Топтолмо пенсиялык фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө түшүнүк берилди.   

Негизги баяндамачылар:

  1. КР Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын Баалуу кагаздар рыногунун өнүктүрүүнү жөнгө салуу бөлүмүнүн адиси Темирлан Таалай “Кыргыз Республикасынын финансылык (фонддук) рыногунун өсүү келечеги”;
  2. Кыргыз Фонддук биржасынын соода жана листинг департаментинин жетекчиси Аида Чодурова “Жеке каражаттарды сактоону башкаруу”;
  3. «Кыргызстан» Топтолмо пенциялык фонду ААК башкы директору Баяманова Зуура Эдуардовна: “Кыргыз Республикасынын Пенсиялык системасы” жана “Пенсиялык топтолмо каражаттарды сактоо жана инвестициялоо усулдары жана каражаттары “.

Өткөрүлгөн семинардагы тема маанилүү болгондуктан, КР Финансы министрлигинин Аймактык башкармалыктарынын начальниктери жана кызматкерлери үчүн да ушундай иш-чара уюштуруу пландалууда.