2021-жылдын 22-январында КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда «Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз

2021-жылдын 22-январында КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда «Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө” Жобонун 17 пунктуна ылайык, Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн потенциалын күчөтүү максатында, Комиссиянын мүчөлөрү үчүн окуу курсу өткөрүлдү.

2020-жылдын 18-декабрындагы №8 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Т. Мамытов тарабынан кол коюлуп, ал 2020-жылдын 29-декабрында “Эркин-Тоо гезитинин №107 санына жарык көргөн. Бул мыйзам жарялангандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2020-жылдын 18-декабрында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамилелердин мыйзамдуулугун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерин өркүндөтүү максаты менен киргизилди.