2021-жылдын  19-январынан 21-январына чейин калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, жарандардын финансылык жүрүм-турумдарын өзгөртүү жана бакубат жашоо деңгээлин жакшыртуу

2021-жылдын  19-январынан 21-январына чейин калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, жарандардын финансылык жүрүм-турумдарын өзгөртүү жана бакубат жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-жана 17-беренелерине ылайык, КР ФМ Окуу борборунун 14 кызматкери үчүн Окуу борборунда “Жеке топтолуучу каражаттар жана инвестициялоо” темасындагы тренинг уюштурулду.

Курстун программасы боюнча биринчи күнү кызматкерлер финансылык максат деген эмне жана  ага карата кантип туура тапшырма кое билүү керек деген темаларды окуп үйрөнүштү. Практикалык сабакта ар бири өздөрүнүн жеке/үй-бүлөлүк финансылык пландарын түзө алууга жетишти.   

Сабактын экинчи күнүндө “Эшиктер” практикалык оюн сабак өткөрүлдү. Анда “Топтолуучу каражат” менен “Карыздоо”  түшүнүктөрү жана топтолмо каражаттардын түрлөрү аныкталды.  

Тренингдин үчүнчү күнүндө, «Сенти» финансылык компаниясынын  өкүлү инвестициялоо жөнүндө кенен түшүнүк берип, ага кошумча Кыргыз Республикасындагы салынган каражаттын кирешелүүлүгү жана анын каражаттары тууралуу кыскача маалымат айтып өттү.