Жаңы жылда жаңы күч менен!

2021-жылдын  11-январынан 21-январына чейин  “Мамлекеттик сатып алууларды (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү) башкаруу” темасындагы 9 күндүк тереңдетилген окуу курсунан 11 угуучу окуду. Алардын ичинен көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын аймактарынан келишти.

            Курстун негизги максаты – сатып алуулар боюнча  2 жылдан ашык иштеген, I деңгээлдеги сертификаты бар б.а. “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” темасындагы базалык окуу курсун ийгиликтүү окуп, сертификатка ээ болгон кызматкерлердин сатып алуулар боюнча билимин жогорулатуу.    

Бул окуу курсу “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамды тереңирээк окутууга, мамлекеттик сатып алуулардын эл аралык тажрыйбасына, мамлекеттик сатып алуулардын экономикадагы ролуна ж.б.у.с багытталган.  Мында усулдар, цикл, пландоо, талаптар, конкурстук табыштамаларды баалоо, ошондой эле электрондук мамлекеттик сатып алуулар кененирээк окутулат.