2018-жылдын 23-январында КР Финансы министрлигинин кызматкерлеринин социалдык жана пенциялык сабаттуулугун жогорулатуу максатында

2018-жылдын 23-январында КР Финансы министрлигинин кызматкерлеринин социалдык жана пенциялык сабаттуулугун жогорулатуу максатында (2004-жылдын 2-августундагы №103 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөгү” КР Мыйзамынын негизине) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун Окуу борбору менен бирге                “Пенциялык сабаттуулук” темасындагы семинар өткөрдү.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлери (22 катышуучу) тарабынан  кызыккан көптөгөн суроолор берилип, лекторлор тарабынан канааттандырарлык жоопторду алышты. Маалымат берүүчүлөр:

  1. Якубов Акматали Якубович, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борборунун директордун орун басары;
  2. Оморова Эльмира Алиевна, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борборунун башкы адиси.

 

Семинардын катышуучуларына кошумча маалыматтык материалдар таратылды жана алынган маалыматтар үчүн кызматкерлер Окуу борборуна ыраазычылыктарын билдиришти.